Кош келиңиздер

Биздин сайтка кош келиңиздер! Бул жерде сиз Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик Башкармалыгы жөнүндө толук маалымат ала аласыз. Шаарыбызда болуп жаткан маанилүү жаңылыктар, мэриянын ишмердүүлүгү, аукциондордун жыйынтыктары жана башка укуктук-ченемдик актылар менен таанынышып турасыз.

2001-2002 -жылдарда Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 13.08.2001-ж. № 425, 8.10.2001-ж. №608, 19.01.2002-ж №35  токтомдоруна ылайык шаардын карамагына өткөрүлүп алынган объектилерди   эффективдүү башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу, эксплуатациялоо жана сактоо максатында    Кара-Көл шаардык  Кеңешинин депутаттарынын 16.04.2002-жылдагы №57/15-3 токтому менен  мэриянын алдында коммуналдык менчик  бөлүмү  түзүлгөн.  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  14.05.2002-жылдагы №297, 26.10.2002-ж. № 722  токтомдору менен шаардын карамагына  өткөрүлгөн объектилердин жана аны тейлеген кызматкерлердин санын көбөйтүү зарылчылыгына байланыштуу  23.07.2003–жылы  шаардык Кеңештин № 110/24-3  токтомунун негизинде коммуналдык менчик башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн.                                                                                                                                                                                                                                                                           
 
Шаардын карамагына өткөрүлүп алынган объектилердин, аны тейлөөчү кызматкерлердин саны көбөйгөндүгүнө  байланыштуу  жана Кыргыз Республикасынын   Мыйзамдарына ылайык 23.01.2008- жылы мекеме шаардык Кеңештин № 101/30-4  токтомунун негизинде башкармалык статусун алган.